Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кулундуда тажикстандыктар менен соода, маданият, чек ара көйгөйлөрү талкууланды

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылында Тажикстандын Б.Гафуров районунун Овчи-Калача жамаатынын өкүлдөрү менен Кулунду айыл өкмөтүнүн жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу уюштруучу Нурали Пайзиев билдирди.

Иш-чарага аялдар кеңешинин өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар катышып, чек ара, соода, маданий маселелер талкууланды. Келген коноктор Кулунду айылынын жаштар борборунун кеңсеси менен таанышты. Борбордо англис тили боюнча, компьютер үйрөнү боюнча ийримдер бар. Имаратты оңдоого 400 миң сом бөлүнгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2 тарап биргелешип спорттук, маданий иш-чараларды уюштурууну макулдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×