Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткен шаарында 8 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» наамы менен сыйланды

Turmush -  Баткен шаарында мугалимдердин майрамдык кечеси уюштурулду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматбековдун айтымында, иш-чарага 100 мугалим чакырылып, бардыгына баалуу белектер берилди. 8 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 10 мугалим Билим берүү министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле, облустук, райондук жана шаардык деңгээлдеги грамота, баалуу белектер тапшырылды.

Шаарда жалпы 414 мугалим бар. Анын ичинен 100 мугалим бүгүнкү кечеге чакырылган. Ошондой эле, дүйшөмбү күнү жалпы 414 мугалимге сый көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1958
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×