Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кызыл-кыялык энелер: Жумушсуздук күч алып, жеке менчикке берилген интернаттын балдары көчөдө калды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда АКИпресс-Ошто Кызыл-Кыя шаарынан келген тургундар аялдардын көйгөйлөрүн айтып чыгышты.

Алардын айтымында, жумушсуздуктан банктардан насыя алган аялдар көбөйүп, карыз төлөөгө келгенде көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатат.

Кызыл-кыялык аялдар өздөрүнүн күчү менен «Энелер мээрими» кайрымдуулук фондун ачканын анын төрайымы Ирсалат Узакова билдирди.

«Чиновниктер элдин көйгөйүн карабайт. Учурда жумушу жок карапайым калк карызга батып жатат. Айрым үй-бүлөлөр балдарын багуу үчүн насыя алууга аргасыз болушат. Бирок банктагы сүткорлордон алган акчасын көп өлчөмдөгү үстөктөн улам төлөй албай калышат. Элди ойлогон эч ким жок. Азыр жалгыз бой энелердин көйгөйү абдан көп. Жарым жетим, тоголок жетим балдар окуган Кызыл-Кыядагы интернат жеке менчикке сатылып кетти. Андагы жетим балдар көчөдө калып, учурда билим албай жүрүшөт», - деди ал.  

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлнара Адылбекова жумушсуздук өмүрлөрдүн кыйылышына чейин жеткирип жатканын белгиледи.  

«Азыркы учурда жумушсуздук эң негизги көйгөй. Жаш балдарыбыз чет өлкөлөргө кетип, жансыз денеси келип жатат. Кыздарыбыз жаш туруп бузулуп жатат. Жумуш орундары түзүлсө эч ким чет жактарга кетмек эмес», - деди ал.  

Маалымат жыйынга катышкан энелер муктаждарга жардам берүү үчүн марафон өткөрүүгө Баткен облусунун жетекчилиги тарабынан каршылыктар көп болгонун кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×