Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 05.10.2017 17:10 На русском

Фото — Кыргыз-тажик чек арасында 20 тонна көмүр жүктөгөн унаа жолго чөгүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Лейлек районунун Интернационал айылында көмүр ташыган «HOWO» кырсыкка кабылды.

Күбөлөрдүн бири Нурали Пайзиевдин айтымында, кырсык саат 15:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрөдөн болгон. 20 тонна көмүр жүктөп, Тажикстанга өтүп бара жаткан «HOWOну» чакан көпүрө көтөрө албай, унаа жолго чөгүп кетти. Кырсыктан айдоочу жана башкалар жабыр тарткан жок. «HOWOну» 2 сааттан кийин Тажикстандан келген кран менен тартып алып чыгышты. Айдоочу Кыргызстандын жараны. Ал көмүрдү Сүлүктү шаарынан жүктөп бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×