Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Көк-таштык таэквондочулар Араванда өткөн мелдеште ийгилик жаратышты

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш айылынын таэквондочулары Араванда өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдирди.

Маалыматка караганда, айылдагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин спорт залында таэквондо боюнча алгачкы жолу машыгуулар апрель айында башталган. Баткен облусундагы таэквондо федерациясынын жетекчиси Бунядбек Хакимов жумасына 3 жолу Көк-Таш айылына барып, мектеп окуучуларын машыктырчу. Бул эмгектин натыйжасында көк-таштык 2 таэквондочу октябрь айында Ош облусунун Араван районунда өткөрүлгөн «Достук» мелдешинде 1-2-орундарды ээлешти.

Учурда 6 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр спорттун бул түрүнө кызыгып, машыккандардын саны өсүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1031
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×