Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Тагдыр: Кадамжайлык А.Бекмурзаев кулагы укпай төрөлгөндүктөн мектеп босогосун аттай элек (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Тамаша айылынын 10 жаштагы тургуну Азатбек Бекмурзаев тубаса кулагы укпай төрөлүп, азыркыга чейин мектеп босогосун аттай элек. Аймактык кабарчы анын акыбалын билип кайтты.

Апасы Аида Абдуллаеванын айтымында, аны дүлөйлөр мектебине алып барганы менен кабыл алышкан эмес. Азыр Азатбектин кулагына Түркиядан операция жасатуу үчүн жол акы жана башка кызматтарга 200 миң сом акча жетпей жаткандыктан, кайрымдуу адамдардан жардам күтүүдө.
Ал эми, кулагына операция жасатууга кеткен каражатты Саламаттыкты сактоо министрлиги каржыламак болду. Андан сырткары, жол киреге, котормочуга жана ал жакта операция бүткөнчө жүрүү үчүн 350 миң сом керектелет. Мынча чоң акчаны табууга аракет кылып, бар тапканын сатканы 150 миң сом болду. Дагы 200 миң сом жетпей жатат.

«Азатбек 2008-жылдын 19-январында төрөлгөн. Төрөлгөндө эле кулагы начар укчу. Ошол мезгилден бери баламды бардык жерде дарылатып келем. Кыргызстандагы дарыгерлер баламдын кулагы операция аркылуу гана жакшы болорун айтышты. Операция Түркияда гана жасалат экен. Операцияга болжолдуу түрдө 2 млн сомго жакын каражат кетерин айтышкан. Менде анча акча жок болчу. Балам төрөлгөндөн бери тапкан акчабызды дарылатууга жумшап келебиз. Кайра-кайра Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдоп отуруп, алардан жакшы жооп алдым. Алар менин баламдын операциясына кеткен каражатты төлөп бере турган болушту. Бирок барып-келген жол кире акымды, котормочуга жана ал жакта убактылуу жашап турууга каражат табышым керек. Андай суммадагы акча бизде жок болууда. Ага карабай бар тапканымды сатып, 150 миң сом топтодум. Учурда дагы 200 миң сом керек болуп жатат.

Күйөөм экөөбүз тең жогору билимдүүбүз. Буга чейин күйөөм мектепте мугалим болуп иштеп келген. Азыркы күндө күйөөмдү да мектепке мугалим кылып албай, экөөбүз тең сырттан тапкан акчабыз жок отурабыз. Мен мурда Москвага барып иштеп жүргөм. Мен Москвага барып иштеп келейин десем балдарымды караганга эч ким жок болуп жатат. Баламдан сырткары колумда жаш кызым бар. 2 балам менен кайда барам? Күйөөм кетсе күнүмдүк жашоого ким акча табат деген ой басат. Жашоо ушунчалык татаалдашып бара жатат. Балам 10 жашка толгону менен элдердин балдарына окшоп мектеп босогосун аттаган жок. Анын мындай абалын көрүп ыйлап, жанында шерик болуп отуруудан башка эч нерсе кыла албай жатам. Ошондуктан кайрымдуу кыргыз элимден баламдын угуусуна жардам берүүнү суранам. Балам кулагы укпаганы үчүн жакшы сүйлөй албайт. Менин уулума тең курактагы балдар мектепке барып, ойноп жүргөнүн көрүп ыйлап алам. Балам балдар менен да ойной албайт. Өз алдынча кыйкырып ыйлайт. Көзүнүн көрүүсү да начар. Колумдан келсе операция жасатып, балама бактылуу балалык кайтармакмын», - деди апасы.

Азатбекке жардам бергиси келгендер апасына 0779 254 882 номуруна байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2378
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×