Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Фото — Самбо боюнча чемпион болгон спортчуларды Кызыл-Кыяда «Лексустар» менен тосуп алышты

Turmush -  Күжүрмөн самбо боюнча Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Азия чемпионатында коло байге уткан спортчу менен чемпионду Кызыл-Кыя шаарында тосуп алышты.

Чемпионатта Жаныбек Аматов чемпион аталса, Мухамедали Эргешов коло байге утуп келди.
Шаардык мэриянын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Азизбек Таштемировдун айтымында, Азия оюндарына кыргызстандык 153 спортчу кеткен. Алардын ичинен экөө кызыл-кыялыктар. Кыргыз спортчулар 13 алтын, 20 күмүш, 37 коло байге утту. Кызыл-кыялык спортчуларды Замирбек Сыргабаев машыктырат.

Спортчуларды 1-октябрда Кызыл-Кыя шаарына кире бериштен туугандары, бийлик өкүлдөрү, спортчулар тосуп алышты. Андан кийин унаалардын кербени шаардык спорткомплекске бет алды.

Тактама:

Жаныбек Аматов күжүрмөн самбо боюнча Азиянын жана Чыгыш Азиянын чемпиону. Эрежесиз эр таймаш боюнча Евразиянын чемпиону. Самбо боюнча КРнын эмгек сиңирген чебери. Үй-бүлөлүү.

Мухамедали Эргешов самбо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 2017-жылы Казакстандын кубогунда күмүш байге, Азия оюндарында коло байге утту. Мурда самбо боюнча Франция, Болгария, Японияда өткөн эл аралык таймаштарга катышкан. Үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×