Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Халмиондо 80 млн сомго социалдык объекттер курулуп жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө 80 млн сомго социалдык объекттер курулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Камалидин Бегматов билдирди.

Анын айтымында, Халмион айылындагы 275 орундуу мектептин, Таш-Дөбө айылында 90 орундуу бала бакчанын курулушу улантылууда. Ошондой эле, айыл өкмөттүн эсебинен Чекелик айылына кичи футбол аянтчасы курулууда. Айрым айылдардын жолдору асфальтталды.

Мындан тышкары, бейөкмөт уюмдардын каржылоосу менен 500 гектар аянтка суу жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×