Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 02.10.2017 13:24

Сүлүктү шаарындагы Бөкөнбаев айылына 130 миң сомго көпүрө курулду

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы Бөкөнбаев айылына 130 миң сомго көпүрө курулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпүрө айылдын окуучулары мектепке кыйынчылыксыз каттоосу үчүн курулган. Курулуш иштерине жеке демөөрчүлөр 130 миң сом каражат бөлүп беришкен.

Буга чейин Бөкөнбаев айылынын окуучулары И.Бектемиров атындагы орто мектепке келүү үчүн 1 чакырым жолду жүрүп келишкен. Ал жайда мындан мурда көпүрө болуп, бирок бир нече жыл мурун сел алып кеткен боюнча оңдолбой келген. Учурда окуучулардын бул көйгөй чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×