Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 29.09.2017 09:57

Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 17 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 29-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Сузак айылында эки кабаттуу бастырмадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 15 чарчы мерт чатыры, 10 түк чөп жана 30 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттү үй ээсинин 5 жаштагы небереси тутанткан.

Ошондой эле, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан Баткендеги Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын Раззаков айылында эки кабаттуу бастырмадан өрт чыгып, 115 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×