Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Фото - Мэр Э.Топчубаевдин жетекчилиги менен Кызыл-Кыя шаарындагы реалдуу өсүштөр

Turmush -  Баткендеги Кызыл-Кыя шаарында тиешелүү мекеме-ишканалардын башчылары, жамааттар мэр Эрмекбай Топчубаевдин жетекчилиги менен жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүктү улантып жатышат. Бул үчүн атайын пландын негизинде 2017-жылдын 8 айында бир катар иштер аткарылып, алгачкы жыйынтыктар жемишин берип баштады.

Азыркы маалыматтар боюнча, Кызыл-Кыя шаарында 2017-жылдын 8 айында 1 млрд 832 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Муну менен көлөмдүн өсүү ыргагы 100,4% болду.

Мэр Эрмекбай Топчубаев

фото 3

Кызыл-Кыя шаарында кичи жана орто бизнес жакшы жолго коюлуп, шаардын экономикасына салым кошуучу деңгээлге жетти. Бул тармакта 8 айда 134,5 млн сом өлчөмүндө өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 99,6% өсүү ыргагын камсыз кылышты. Ошондой эле, 8 айда 1037 жаңы жумушчу орун түзүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү. 2017-жылдын 8-айында капиталдык салымдардын көлөмү 143,3 млн сомду түзүп, өсүү ыргагы 100% болгон. 

Айыл чарба багытына да жакшы көңүл бурулуп жатат. Кызыл-Кыя шаарында жалпы 2014 гектар айдоо аянт бар. Анын ичинен 1936 гектар аянт пайдаланылды. Шаардын аймагында тамчылатып сугаруу системасы да кеңири жайылып, күнөсканалардын жалпы аянты 1,54 гектарга жеткен. 

Калкка акылуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө да өсүш 102,6%ды түзүп, 3432 млн сом чогулган. Бул көрсөткүч 2016-жылдын 8 айына салыштырмалуу 194,5 млн сомго көптүк кылат. Инвестиция тартуу 2017-жылдын 8-айында 307,1 млн сомго жетип, өсүү темпи 102,4%ды түздү. Чекене сооданын көлөмү 2912,1 млн сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 100,6% болгон. Ал эми, топтолгон салыктын суммасы  292,1 млн сомду түзүп, план 102,7%га аткарылды.

Жергиликтүү бюджетке 2017-жылдын 8 айында 66,5 млн сом жыйналып, анын эсебинен шаардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы чоң долбоорлор ишке ашырылып жатат. 8 айда жергиликтүү бюджеттен 5 млн 745,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп, муниципалдык менчик департаменти тарабынан 1,7 млн сомго 1 даана фронталдык жүктөгүч, 3,3 млн сомго 1 даана коммуналдык МТЗ-82 трактору жана 745,5 миң сомго 3 даана таштандыларды топтоочу чиркегич (тележка) электрондук портал аркылуу сатылып алынды.


Өкмөттүн 2015-жылдын 25-декабрындагы «Жаңы ишканаларды ачуу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдердин иштери жөнүндө» токтому менен жаңы ишканаларды ачуу тапшырмасы берилген. Мунун негизинде Кызыл-Кыя шаарында 2017-жылдын ичинде 10 ишкана ачуу пландалып, 8 айда 6 ишкана ишке кирди. Анын ичинен 4 ишкана өндүрүш багытында, 2 ишкана кызмат көрсөтүү тармагында түзүлгөн. Аларда капиталдык салымдардын көлөмү 18 млн сомду түзүп, жалпы 33 жумуш орду түзүлдү. 

Билим берүү тармагы 

Учурда шаар боюнча 13 жалпы билим берүү мектеби, 13 балдар бакчасы жана 2 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелери бар. 2017-2018-окуу жылында 1-класстарга жалпы 1466 бала кабыл алынып, шаар боюнча жалпы окуучулардын саны 10845 баланы түздү.

Кызыл-Кыя шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин көбөйүшүнө ар дайым чоң маани берилүүдө. Акыркы 5 жылдын ичинде шаарда 6 бала бакча ачылды. Ушул жылдын 29-мартында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1-кичи райондо 180 орундуу «Баластан» бала бакчасы ачылган. Учурда бала бакча менен камсыздоо 60%ды түзөт.

Ошол эле учурда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2017-жылга карата кабыл алган программасынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкү иштер аткарылууда:

- Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан 120 орундуу балдар бакчасын капиталдык оңдоо жумуштары 2017 жылдын 1-июнунда башталган;

- Кызыл-Кыя шаарынын №5 «Жеткинчек» балдар бакчасында музыкалык-гимнастикалык зал куруу жумуштары аяктоодо;

- Ак-Булак айылындагы №2 балдар бакчасында жылытуу системасынын капиталдык оңдоп-түзөө, от жагуучу бөлмөнү куруу иштери жүрүп жатат.

Саламаттыкты сактоо тармагы

Саламаттыкты сактоо тармагында медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көптөгөн иштер жүргүзүлдү жана пландар бар. 

Учурда шаардагы калкка үй-бүлөлүк медициналык борбору, 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, аймактык оорукана, тиш дарылоо эмканасы, райондор аралык кургак учукка каршы оорукана, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана жеке медициналык клиникалар тарабынан медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө.

2017-жылдын І жарым жылдыгында райондор аралык кургак учукка каршы ооруканага тендер аркылуу 357 миң сомдук медициналык жабдуулар алынды, күчтүү дары-дармектер сакталуучу бөлмөгө сигнализация орнотулду. Азыркы учурда өпкө ооруларын дарылоо бөлүмү 813 миң 469 сомдук капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Кызыл-Кыя шаардык тиш дарылоо эмканасы техникалык-материалдык абалды чыңдоо максатында 2017-жылдын 1-жарым жылында 185 миң сомдук жабдуу менен камсыздалды. Ал Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан алынган. Ошондой эле, эмкананын жер төлө бөлмөлөрүндөгү электр чубалгылар жаңыланды.  

Дене тарбия жана спорт тармагы

Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан шаардык деңгээлде спорттун 10 түрү боюнча 20 мелдеш өткөрүлдү. Андан сырткары, шаардын спортчулары Кыргыз Республикасынын чемпионаттарына жана эл аралык мелдештерге катышып, шаардын намысын коргоп келишти. 2017-жылдын 6 айында шаардын спортчулары жалпы 29 спорттук мелдешке катышкан.

Республикалык жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундардын саны: 1-орундар – 10, 2-3-орундар – 15.

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын карамагындагы «Ассанабиль» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Кызыл-Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан «Мухамадия» мечитинин жанына 2017-жылдын апрель айында «Ыйман» комплексин куруу иштери башталган. Анын жалпы аянты 1,58 гектарга жетет. Комплекс билим берүү, медицина, спорт тармактарына багытталган.

03 (1)

Комплекс төмөнкүдөй объекттерден турат:

- эки кабаттуу эмкана;

- тейлөө борбору, гемодиализ бөлүмү менен;

- типтүү мектеп: бир кабаттуу, 180-200 орундуу;

- спорттук аянтча;

- 1 кабаттуу соода борбору;

- аксакалдар чайканасы;

- эки кабаттуу, 2000-2200 адамга ылайыкталган мечит.

Болжол менен «Ыйман» комплексине 50-80 млн сом каражат сарпталат. Ал эми, жергиликтүү бюджеттин эсебинен электр чубалгылар тартылып, канализация жана суу түтүктөрү орнотулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылат.

Шаардын гүлдөп-өнүгүшүнө, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга, мурдагы муундун шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымын урматтоо, коомдук бекем моралдык-адептик кайра жаралууну камсыз кылуу зарылчылыгын түшүндүрүү жана бардык улуттардын өкүлдөрү менен тынчтыкта, ынтымакта жашоого, шаардын байлыктарына аяр мамиле кылууга, аларды ар тараптан арттырып, жаратылыш байлыктарын сактоого үндөө жана аны иш жүзүнө ашыруу максатында I элдик курултай өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, Кызыл-Кыя шаарынын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, шаардын аймагында улуттук үрп-адаттарды, элдик-каада салттарды жана коомдук тартипти, тазалыкты сактоо маданиятын өнүктүрүү боюнча шаардык кеңештин токтому аткарылып жатат. 

Ошондой эле, шаардын келечеги болгон жаш муундарга өрнөк катары адептүүлүккө, ата-бабалардан калган мурасты жана баалуулуктарды жаштарга жеткирүү максатында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө Улуу Ата Мекен согуштун катышуучуларына арналган эстелик комплексинде шаардык ардагерлер кеңешинин кеңсесин жана музейин куруу жумуштары аткарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2615
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×