Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Фото - 20 жаштагы Нургазы Кыргызстандагы бай адамдын сүрөтүн өзгөчө ыкма менен тартты

Turmush -  Кадамжай районунун Күлдү айылында чоңойгон, 20 жаштагы Мурадыл уулу Нургазы белгилүү инсандардын портреттерин жип жана мык аркылуу тартуу менен алек. Буга чейин кагаз бетине сүрөт тартып келгенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Сүрөтчү учурда Бишкектеги жогорку окуу жайдын 3-курсунун студенти.

«Бала кезимден эле сүрөт тартып келем. Өзгөчө сүрөт тартууну көздөп, 2015-жылы интернеттен жип жана мык менен сүрөттөрдү тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып калдым. Аны көргөндөн кийин менин оюма ар кандай идеялар келе баштаган. Кийинчерээк бул ыкмада сүрөт тартууну баштадым. Алгач бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдум. Жип менен мык аркылуу өз оюмдагы сүрөттү дал өзүндөй кылып чыгаруу абдан оор болду. Алгач бир сүрөттү айлап тартып, окшобой калса кайра бузуп, кайра тартып жүрдүм. Көп мээнет сарптап жатып, акыры бул ыкманы да үйрөндүм. Учурда белгилүү 4 инсандын портретин тартып, 4 эмгек жараттым.

Алгач өзүбүздүн университеттин академиги Үсөнказы Асаналиев агайыбыздын сүрөтүн жип менен тарттым. Андан кийин эстрада ырчысы Анжелика менен жолдошу Урмат бирге түшкөн сүрөттү тартып чыктым. Учурда жеке ишкер Аскар Салымбековдун жубайы менен бирге түшкөн сүрөтүн тартып бүттүм. Аны жакын арада Аскар Салымбековго белек кылам.

Келечекте кыргыз желегинин фонунда Манас баатырдын, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу инсандардын сүрөтүн жип, мык менен түшүрүүнү максат кылып жатам», - деди сүрөтчү.

Жип менен сүрөт тартуу ыкмасы «ниткография» деп аталып, дүйнөлүк практикада мындай пландагы паннону жаратуу үчүн бир нече кызыктуу ыкмаларды ойлоп табышкан.

Tazabek басылмасы 2017-жылы Кыргызстандагы эң бай 100 адам тууралуу маалыматтар камтылган алгачкы журналды («ТОП-100 богатейших людей (семей) в Кыргызстане») жарыкка чыгарды. Бул рейтингге жеке ишкер Аскар Салымбеков да кошулган. 

Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын тизмеси (алгачкы рейтинг)

 

444

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×