Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кызыл-Кыяда «Жүрөк күнү» акциясы улантылып жатат

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 25-сентябрдан баштап «Жүрөк күнү» акциясы өтүп жатат. Аталган акция 30-сентябрга чейин улантылат.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы Бахтыгүл Пазылованын айтымында, акция буга чейин шаарда бир нече жолу өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө эл көп келген 10 жерге кан басымын текшерүүчү пункттар ачылды. Кан басымы жогору адамдарга дарыгерлер тарабынан кеңеш берилип жатат. Учурда күнүнө 50дөн ашык адам кайрылып, алардын 30%нын кан басымы жогору экени аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×