Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 28.09.2017 11:53 На русском

Баткендиктер кан басымын акысыз текшертишти

Turmush -  Баткен шаарында 25-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата «Өз кан басымыңды билип ал» акциясы өттү.

Аталган акция Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал шаардын борбордук базарында жана калкты тейлөө борборунда өттү. Акциянын жүрүшүндө шаар тургундары кан басымын акысыз текшертип, дарыгерлерден кеңеш алышты.

Ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башкы дарыгери Аида Сабир кызынын айтымында, акция жүрөк ооруларын алдын алуу максатын көздөйт. «Ар бир жаран туура тамактанып, кыймылда болуп турса бул илдеттин алдын алууга болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×