Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кадамжайлыктар жеңилдетилген насыяны былтыркыдан 156 млн сомго көп алды

Turmush -  Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургундарына «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилди. Маалым болгондой, жеңилдетилген 10%дык насыя айыл жана мал чарбачылыгын, талаа, тамчылатып сугаруу иштерин өнүктүрүүгө, күнөскана курууга багытталган.

Банктар тарабынан аталган райондун 1 миң 26 тургунуна жалпы 138,7 млн сом өлчөмүндө насыя берилсе, анын ичинен мал чарбачылык менен алектенген 97 адамга 39,3 млн сом жана талаа иштери менен алектенген 47 адамга 12,5 млн сом жеңилдетилген негизде берилди. Бүгүнкү күндө райондун 4 миң 565 тургуну 446,4 млн сом акча каражатын насыяга алган. 2016-жылы банктар аталган райондогу 3 миң 559 тургунга 290,4 млн сом насыя берген.

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл насыя алгандардын саны 1 миң 6 адамга жана 156 млн сомго көп. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×