Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Лейлектеги насостук станция — уникалдуу ирригациялык объект

Turmush -  Лейлек районунун Арка өрөөнүндө суу үстүндө калкып туруучу ири насостук станция жайгашкан. Тажикстандын Кайрак-Кум суу сактагычына курулган насостук станция Кыргызстандагы уникалдуу ирригациялык объект болуп саналат.

Аталган суу сактагыч 1982-жылы пайдаланууга берилип, Жаңы-Жер айыл аймагында жашаган 30 миңге жакын тургундун 3 миң 111 га айдоо жерин суу менен камсыз кылып келет. Суу сактагычтын кыймылдаткычтарына керектелүүчү электр энергиясынын бир жылдык төлөмү 45 млн сомдон 50 млн сомго чейин жетет. Учурда чек арадагы калктын туруктуу жашап калуусу үчүн Козу-Баглан дарыясынын нугу менен Арка өрөөнүнө суу жеткирүү аракеттери көрүлүп баштады.  

Өкмөттүн 2017-жылдагы №440 токтомунун негизинде аталган аймакка суу жеткирүү үчүн 1 млрд 700 млн сом бөлүнгөн. Ал эми, суу каналын 2026-жылга чейин толугу менен куруп бүтүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 688
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×