Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.09.2017 14:06

Кадамжайдагы өзбек тилдүү мектепти кыргыз тилдүү кылуу сунушталууда

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылындагы өзбек тилдүү Токтогул атындагы орто мектебин кыргыз тилдүү кылуу сунушталууда. Бул тууралуу мектептин директору Элиер Хамилжанов билдирди.

Анын айтымында, мектепте 2014-жылга чейин сабактар жалаң өзбек тилинде өтүлүп келген. 2014-жылдан тарта сабактардын 50%ы кыргыз тилинде окутула баштаган. Мектепте өзбек тилдүү китептер жетишсиз болгондуктан ата-энелер, мектеп жамааты биргеликте атайын чогулуш кылып, Кадамжай райондук администрациясына кыргыз тилдүү мектеп кылуу боюнча сунуш беришкен. Учурда бул сунуш кароодо турат.

Мектепте жалпысынан 712 окуучу окуп, 55 мугалим эмгектенет. Былтыркы жылы мектепти 46 окуучу аяктаса, быйыл 1-класска 100 окуучу кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×