Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Жаш талант: Лейлектик А.Боркошова ырчылык өнөрү менен эл алдына чыга баштады (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Интернационал айылындагы 6-класстын окуучусу Айгүл Боркошова ырчылык өнөрү менен эл алдына чыга баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кулунду көркөм музыкалык мектебинин пианино бөлүмүндө окуп жатат. 2016-жылдын апрель айында «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу сынакка катышып, облустук турдан 1-орунду, респуликалык турда 4-орунду алган. «KG тай» балдар сынагына катышып, финалга жеткен. Азыркы учурда район аймагындагы ар кандай майрамдык иш-чараларга атайын чакыртылып, ыр-бийлерин аткарып келет. Келечекте пианино, гитара чертүүнү мыкты өздөштүрүп, вокал боюнча терең билим алып, Кыргызстандын маданиятына салым кошууну кыяданат.

Үй-бүлөдө 1 агасы, 1 сиңдиси бар. Апасы мектепте мугалим, атасы ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×