Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кызыл-Кыядагы унаа кырсыктан 4 адам жабыркап, бирөөсү оор абалда жатат

Turmush -  23-сентябрда Кызыл-Кыя шаарына жакын аймакта катталган унаа кырсыктан 4 адам жабыр тартып, бирөөсү жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар билдиришти.

Ооруканага түшкөндөр:

- Кызыл-Кыя шаарынын 1981-жылы туулган тургуну М.Айдар;

- Ноокат районунун Төөлөс айылынын 1994-жылы туулган тургуну Т. кызы Айтунук;

- Кызыл-Кыя шаарынын 1982-жылы туулган тургуну М.Юлдаш;

- Кызыл-Кыя шаарынын 1980-жылы туулган тургуну А.Өмүрбек.

Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө А.Өмүрбек түштү.

Буга чейин 23-сентябрда Кызыл-Кыянын Караван айылында 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 2 адам катуу жаракат алгандыгы кабарланган. Болжол менен саат 13:00 чамасында Кызыл-Кыя—Караван унаа жолунда «Хендай Портер» менен «Хонда Фит» унаасы кагышкан.

Авто кырсыктын күбөлөрү көмүр ташып бара жаткан «Хендай Портер» унаасындагы 2 адамдын абалы оор экендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 595
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×