Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык Р.Салиева миллиарддаган сөөлжандарды багып, жер семирткич өндүрүүдө (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Совхоз айылынын тургуну Райхан Салиева 30 жылдан бери биогумус жер семирткичин өндүрүп келет. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышты.

Анын айтымында, биогумусту чыгарган сөөлжандын калифорник түрүн АКШдан алдырган. Алгачкы 1 млн даана сөөлжан учурда миллиарддап көбөйгөн. Алар азыр узундугу 25 метр, туурасы 2 метр, тереңдиги 1 метр болгон чуңкурда багылат. Сөөлжан 50 жылга чейин жашай алат. Ар бири жумасына 28 даанага чейин жумуртка таштайт. Алар темир, синтетика жана желимден башка бардык таштандыларды, тамак-аш калдыктарын жейт. Чуңкурдагы сөөлжандар 1,5 айда 20 тонна биогумус өндүрөт. Сөөлжан жер семирткич эле бербестен айлана-чөйрөнү таштанды-калдыктардан тазалоого да жардам берет.

«Сөөлжандын калифорник деген түрү биздин жашоого эң пайдалуу. Анткени булар күнүмдүк турмушта колдонулуп ташталган калдыктарды жер семирткич кылып беришет. Сөөлжандын салмагы 2 грамм болсо, бир күндө 12 граммдан биогумус чыгарып берет. Бизде эч кандай техника колдонулган жок, чыгаша да болбойт», - деди ал.

Даяр болгон жер семирткичтин 1 кг 17 сомдон сатып, жылына 350 миң сомдон киреше табат. Биогумус айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатат жана таасирин 3 жылга чейин сактайт.

«Сөөлжан багып, биогумус өндүрүү ыкмасын ар бир үй-бүлө өздөштүрсө деп сунуштамакмын. Биогумусту өндүрүүдө эч кандай техника талап кылынбайт, чыгым деле болбойт. Сөөлжандар таштанды талаадагы акыр-чикирдин 70% жейт», - деди Райхан Салиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4210
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×