Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Баткен облусуЛейлек району 20.09.2017 10:04

Кулундудагы маданият үйүнүн директору болуп А.Алдакулова дайындалды

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылдык маданият үйүнүн директору болуп Алдакулова Айниса Абдрасуловна дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаңы жетекчи өзү билдирди.

Маалыматка караганда, ал буга чейин Кулунду айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылындагы «Үмүт» бала бакчасынын директору болуп 4 жылга жакын иштеген. Кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим.

Маданият үйүнүн буга чейинки директору Зийнатай Ырысова өзүнүн арызынын негизинде жумушунан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×