Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайдын 500гө жакын тургундары издеп чыккан киши психикалык жактан ооруй тургандыгы айтылып, ысымы белгилүү болду

Turmush -  Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында 500гө жакын жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери издеп жаткан адам – С.Абдумалик. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Абдумалик Баткен районунун Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну. Ал 9-сентябрь күнү саат 22:15 чамасында Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы А.Г. аттуу аялды эч бир себепсиз уруп качып кеткен. С.Абдумаликтин туугандары анын психикалык жактан жабыркап жүргөндүгүн билдиришкен. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундарга анын туугандары да кошулуп издөө иштерин жүргүзүүдө.

(Изделип жаткан С.Абдумалик)

А 15

Окуя тууралуу:

Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында 500гө жакын жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери турак үйлөргө кирип жүргөн белгисиз адамды издеп чыгышканы белгилүү болгон.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, издөөгө чыккандар айылды тинтип жатышат. Изделип жаткан адам узун бойлуу, сакалы өскөн. Дайыма башын бекитип жүрөт. Элеттиктер аны бүгүн дагы айылдан көрүшкөн. Алар анын ысымын, кайдан келгендигин билишпейт.

Мурда Кадамжай районунун Кичи-Айдаркен айылында психикалык жактан жабыркаган чоочун эркек киши үйлөргө кирип жүргөнүн жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Алар милицияга кайрылышкан. 10-сентябрь күнү дагы ал киши Кичи-Айдаркен айылындагы үйгө кирип, үйдөгү аялдын мойнунан жип менен муунта баштаган. Аял кыйкырган кезде качып кеткен.

«Ал адам күтүүсүздөн үйлөргө кирип, курсагын тойгузуп кетет. Эч нерсени уурдабайт. Психикалык жактан жабыркаган адам», - дешкен тургундар.

Бул окуяларга чейин Turmush басылмасына өздүк булактар жогоруда аталган С.Абдумалик Таян айылынан 5-июлда дайынсыз жоголгондугун билдиришкен. Тургундар аны бир нече ирет кармоого аракет кылышканы менен карматпай качып кеткен.

Кошуналарынын айтымында, ал тоо тарапка чыгып кеткен. Туугандары өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпагандыктан 11-июлда милицияга кайрылышкан.

ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар аны Таян айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордон издеп, табышкан эмес. Милициядан 10 кызматкер, жергиликтүү элден 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн.

С.Абдималик үй-бүлөлүү болгон. Биринчи аялынан 2 баласы бар. Аны менен ажырашып, экинчи жубайы менен 3 балалуу болушкан.

19-июлда дайынсыз жоголгон С.Абдималикти издөө аракеттери токтотулгандыгы белгилүү болгон. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болбогондуктан 18-июлда анын туугандарынын жазып берген катынын негизинде издөө иштери токтотулганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6070
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×