Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Сүлүктүдөгү тойдо байгеге 4 унаа коюлган спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Кечээ, 17-сентябрда Сүлүктү шаарынын тургуну И.Карабаев неберелери Ислам жана Арсендин сүннөт тоюн өткөрүп, баш бейгесине 4 унаа коюлган спорттук мелдештерди уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз күрөш боюнча мелдешке Баткендин аймактарынан жана Тажикстандан келген балбандар катышты. Байгесине 3 «Жугили», 1 «Нива» унаасы, 15 тонна көмүр, 2 жылкы, 2 торпок, 1 топоз, 20 кой, 20 эчки, 15 даана килем, кир жуучу 2 машина, түстүү 3 сыналгы коюлду.

Күрөш ар салмакта өткөрүлүп, 100 кг ашык салмакта 1-орунду лейлектик Талип балбан, 80 кг оор салмакта 1-орунду сүлүктүлүк Таалай балбан, 80 кг чейинки салмакта биринчиликти сүлүктүлүк шахтер Жеңишбек балбан ээледи. 60 кг жогору салмактагылар арасында да 1-орунду сүлүктүлүк балбан утту. Аталган балбандарга унаалар тапшырылды.

Андан сырткары, 30 миң сом байге коюлган волейбол боюнча да мелдеш өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×