Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 18.09.2017 16:46

Быйыл Баткенде 13 миңден ашык окуучу 1-класска кабыл алынды

Turmush -  Баткен облусунда быйылкы жаңы окуу жылында 13 миң 395 окуучу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунда 2075 окуучу, Баткен шаарында - 748, Сүлүктү шаарында - 1675, Кызыл-Кыя шаарында - 1466, Кадамжай районунда - 4381 жана Лейлек районунда - 3050 окуучу кабыл алынган.

Былтыркы окуу жылында облус боюнча 1-класска 11 миң 656 окуучу кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×