Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Сүлүктүдөгү «Таза суу канал» ишканасынын башчысына айып салынды

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы «Таза суу канал» ишканасынын башчысы А.А.Эраскуловго административдик иш козголуп, 10 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын прокурорунун жардамчысы Эрагыш Тариэл уулу билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1-январынан 16-августуна чейинки аралыкта Сүлүктү шаардык мэриясынын «Таза суу канал» муниципалдык ишканасынын директору А.А.Эраскуловго жергиликтүүлөр тарабынан 33 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын бирөөсү боюнча гана арыз ээсине билдирүү берилген. Кайрылуулар мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында даттануу жана кайрылууларды каттоо китебине катталып, маселелер өз учурунда чечилген эмес.

А.А.Эраскуловго ишиндеги кайдыгерлик мамилеси үчүн Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан административдик иш козголуп, сотко өткөрүлүп, 10 миң сом айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×