Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Исфанадагы ооруканада мээрман айымды тиштеген ит кутурмага чалдыкканы аныкталды

Turmush -  Исфана шаарындагы ооруканада иштеген мээрман айымды тиштеген ит кутурма оорусуна чалдыккандыгы аныкталды.

Лейлек райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, атайын лабораторияда текшерилип, ит аталган оору менен ооругандыгы такталды. Учурда кутурма оорусуна байланыштуу тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Окуя тууралуу:

13-сентябрда Исфана шаарында ооруканада иштеген мээрман айымды тиштеген ит атылып өлтүрүлгөнү маалымдалган.

Лейлек райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан билдирген маалыматка караганда, ит аны Исфана шаарынын ооруканасынан алыс эмес жерден тиштеген. Аталган жолбун ит мергенчилер тарабынан атылды.

14-сентябрда бул окуя боюнча Исфана шаардык мэриясында жыйын өткөрүлүп, айыл башчыларга, ветеринарларга жолбун иттерди аттыруу боюнча тапшырмалар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×