Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кадамжай шаарында 20 жыл мурда ижарага берилген аянттар такталып жатат

Turmush -  Кадамжай шаарынын Металлург көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө балдар үчүн аянтча жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, үйлөрдүн алдындагы аянтчалар өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин менчиктештирилип кеткен. Азыр ал жайларга курулуштар тургузулуп, балдар ойноого ыңгайсыз болуп жатат. Ата-энелер балдарын аргасыздан унаа жүрүүчү чоң жолдорго чыгарышат. Анда да балдардын коопсуздугун ойлоп, жалгыз калтырышпайт.

Мындан сырткаркы, 2-3 аянтка көп кабаттуу курулуштар курула баштады. Дагы бирөөсүндө жеке менчик футболдук аянтча курулган.

Кадамжай шаарынын тургуну Гүлсана Эркинбаева үйлөргө жакын жерге ойноо аянтчасы эмес, мечит курулмакчы болуп жаткандыгын, бирок шаарда мечиттер жетиштүү экенин айтат.

Мындагы жашоочулардын айрымдары 20-30 жыл мурда үйлөрдүн айланасындагы бош жаткан аянттарды ижарага убактылуу алып турушкан. Бирок ал ижаралар убакыт өткөн сайын унутулуп кеткен. Азыр аларды кайтарып алуу же териштирүү иштерин шаар бийлиги колго алып, тийиштүү кызматтардан атайын комиссия түзүлүп, тактоо иши 10 күндөн бери жүрүп жатат.

«Бул жерлер чындыгында менчиктештирилгенби же дагы деле убактылуу иштетилип жатабы деген суроонун үстүндө комиссия түзүп, учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 610
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×