Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Исфанадагы ооруканада иштеген мээрман айымды тиштеген ит өлтүрүлдү

Turmush -  Кечээ, 13-сентябрда Исфана шаарында ооруканада иштеген мээрман айымды тиштеген ит атылып өлтүрүлдү.

Лейлек райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан билдирген маалыматка караганда, ит аны Исфана шаарынын ооруканасынан алыс эмес жерден тиштеген. Аталган жолбун ит мергенчилер тарабынан атылды. Анын кутурма оорусуна чалдыкан же чалдыкпагандыгы атайын лабораторияда текшерилүүдө.

Бүгүн, 14-сентябрда бул окуя боюнча Исфана шаардык мэриясында жыйын өткөрүлүп, айыл башчыларга, ветеринарларга жолбун иттерди аттыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×