Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык Э.Төрөева 7 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун 32 жаштагы тургуну Эленора Төрөева 7 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим. Бирок мектепте окуучуларга кол эмгек сабагын окутат.

«Мен 7 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Жогорку билимим — кыргыз тилчи мугалим. Бирок жан дүйнөмө кол өнөрчүлүк жакын болгондуктан балдарга кол эмгектен билим берип келем.

Бүгүнкү күндө кол өнөрчүлүктүн ар кыл багытын ар тараптан издеп үйрөнүп жатам жана өзүм билген өнөрдү окуучуларыма үйрөтүүгө аракет кылуудамын. Замандын өнүгүүсү менен көп жаңы ачылыштарды интернеттен үйрөнүүдөмүн. Мисалы гүл жасаганды интернеттен атайын видеолорду көрүп үйрөндүм. Заманбап чыптамаларды тигип келем. Ал да кошумча киреше табуу булагым. Атайын буйрутмаларды алам», - деди ал.

Кол өнөрчү айым 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 766
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×