Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда үйлөргө кирип жүргөн психикалык жактан ооруган адам изделүүдө

Turmush -  Кадамжай районунун Кичи-Айдаркен айылында психикалык жактан жабыркаган чоочун эркек киши үйлөргө кирип жүрөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар милицияга кайрылышкан. Кечээ, 10-сентябрь күнү дагы ал киши Кичи-Айдаркен айылындагы 1 үйгө кирип, үйдөгү аялдын мойнунан жип менен муунта баштаган. Аял кыйкырган кезде качып кеткен.

«Ал адам күтүүсүздөн үйлөргө кирип, курсагын тойгузуп кетет. Эч нерсени уурдбайт. Психикалык жактан жабыркаган адам», - деди тургундар.

Учурда ал кишини издөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×