Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Баткенде ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветлаборатория курулууда

Turmush -  Баткен шаарында ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветеринардык лаборатория курулууда.

Баткен аймактык ветеринардык дарт аныктоо борборунун башчысы Абдималик Улуковдун айтымында, учурда курулуштун 70 пайызы аяктап калды. Имарат октябрь айында пайдаланууга берилет. Лаборатория ишке берилсе фермерлер эт, сүт азыктары үчүн жеринен тактама кагаздарын ала алышат. Тактама алынган азыктарды сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени ЕАЭБдин талаптарына ылайык, сыртка чыгарылган продукциянын сапаты үчүн тастыктама кагаздары берилет. Учурда мындай сертификаттарды Ош жана Бишкек шаарларынан алууга мүмкүн болгондуктан бир топ убакытты жана чыгымды талап кылууда. Ветеринардык лабораториянын имаратынын курулушу үчүн мамлекет тараптан 24,5 млн сом каралган.

Шаар тургуну Нургазы Жайнаковдун айтымында, Баткен облусу боюнча буга чейин эт-сүт азыктары сыртка экспорттолгон эмес.

«Тескерисинче кошуна Өзбекстандан жана Тажикстандан импорттолот. Анткени кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан жергиликтүү базарларда да ата мекендик өндүрүштөгү азыктар жокко эсе. Мындан улам биздин фермерлер негизинен Тажикстандык соодагерлерге мал-жандыктарды гана сатуу менен гана чектелип жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×