Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Баткендин 192 медицина кызматкери курорттордо эс алды

Turmush -  Быйыл, 2017-жылы Баткен облустук бириккен ооруканасынын дарыгерлерине Кыргызстандагы курорттордо эс алууга жолдомо берүү жогорку көрсөткүчтү түздү. Бул тууралуу аталган оорукананын профсоюз кеңешинин төрагасы Апызалы Кочкоров билдирди.

«Медицина кызматкерлеринин айлык маянасы аз, ал эми жумуштары оор. Ошондуктан, алардын эс алуусуна шарт түзүп берүү керек. Быйылкы жылы профсоюз тарабынан облус боюнча 192 медицина кызматкерине 89 жолдомо берилди. Кээ бир учурларда 10 күндүк жолдомо менен 2-3 кызматкер эс алып келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу