Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Эки баланын энеси Марсиана 35 жашында майор болуп, Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Кайкин орто мектебин жалаң «5» деген баалар менен аяктаган Марсиана Сартова 35 жашында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн гвардия-майору болуп кызмат кылууда.

М.Сартованын айтымында, азыр кыргыз армиясы өзгөрүп, өнүккөн армия болгон.

«Быйыл 35 жаштамын. 2004-жылы Юридикалык академияны бүткөндөн кийин 2006-жылы генерал-майор Шабиров атындагы милиция мектебин аяктап, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө 2012-жылга чейин иштедим. 2013-жылдан бери командирдин укук иштери боюнча жардамчысы болуп №714 аскер бөлүмүндө иштеп келе жатам. 6 бир тууганмын. Менин жолумду жолдогон иним Данияр Кой-Ташта аскер кызматкери, эжемдин кызы — милициянын майору Э.Саманбетова Ысык-Көл ОИИБдин аналитиги. 2 балам бар, кызым Айпери мен окуган мектепте окуп жатса, уулум Рыскелди 1-класска барат.

Аскер кызматкери болгонума Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк алганы себеп болду. Балдарымды да аскер кызматкери кылгым келет, себеби азыр кыргыз армиясы такыр башка, өзгөргөн, өнүккөн армия болгон. Ата-энеме учурашканы барып, кош кубанычтын күбөсү болдум. Акыркы 20 жылдан бери Түп айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланып келген атам Касым Сартович «Түп районунун ардактуу атуулу» намына татыса, энем Жаңыл Кудагелдиева Мамлекеттик архив кызматынын күнүнө карата Ысык-Көл облустук архивинин ардак грамотасын 31-август күнү алып отурат», - деди майор Марсиана Сартова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2502
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу