Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Эки бөйрөгү ташка толгон Билал Жылуу-Суудан айыкты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 4 жаштагы тургуну Билал эки жылдан бери эки бөйрөгүнөн жабыркап, зааранын ордуна кан чыгып калган. Билалга дарыгерлер эки бөйрөгүндө тең таш бар деген диагноз коюшкан.

Апасы Сайрагүл Токтомушеванын айтымында, уулун бул дарттан арылтуу үчүн көп жерге барган.

«Жыл сайын Бишкек шаарына барып дарыланып келчүбүз. Бир жолку дарыланууга 15 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталчу. Шыпаа издеп, Ошко жана Исфана шаарына да барып, дарыгерлерге кайрылдык. Убактылуу оорусу басылганы менен толук жакшы болгон эмес. Дарыгерлер уулумдун бөйрөгүндөгү таштарды алууга мүмкүн эмес экенин айтышкан. Бир күнү бейтааныш аксакалга кокусунан жолугуп калдык. Ал "өзүңөрдө дары турса, башка жактарга акча коротпогула, андан көрө Жылуу-Суу деген жерге алып баргыла" деди. Үстүбүздөгү жылдын март айында баламды Жылуу-Сууга алып барып, ал жерде төрт-беш күн дарыланды. Күнүнө 3-4 жолу 10 мүнөттөн сууга салып карадым. Үйгө келгенден кийин баламдын бир аз жакшы болуп калганын байкадым.

Арадан беш ай өткөндөн кийин зааранын ордуна кан чыкканы да токтоду. Сентябрь айында аталган жерге барып дагы дарыланды. Учурда баламдын ден соолугу жакшы, мындай ооруга кабылгандарга Жылуу-Сууну сунуштайм. Уулумдун абалы жакшы болсо да жыл сайын үй-бүлөбүз менен касиеттүү жерге барып, эс алып, дарыланып турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×