Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебине ата-энелер 130 миң сомго китеп сатып беришет

Turmush -  Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине быйылкы 2017-2018-окуу жылына карата камкорчулар кеңеши 130 миң сомго окуу китептерин сатып беришет, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган кеңеш ата-энелер тарабынан түзүлүп, балдардын билим алуусуна көмөк көрсөтүп келет.

Мектеп директору Гүлжамал Ысманованын айтымында, учурда мектеп 70% окуу китептери менен камсыздалган.

«1-класстын окуучуларынын дээрлик көпчүлүгү китеп менен камсыздалган. Ал эми, жогорку класстын окуучуларына 30% окуу китептери жетишпейт. Мектепке жыл сайын жаңы китептер сатылып алынат. Бирок окуучулардын да саны көбөйгөндүктөн, аларга китеп жетпей калат. Былтыркы окуу жылында ата-энелер тарабынан түзүлгөн камкорчулар кеңеши 175 миң 540 сомго 1-класстар үчүн кыргыз тили, 2-класстарга математика, окуу китеби, ал эми жогорку класстарга орус адабияты, дүйнө тарыхы, алгебра сабактары боюнча 10 миң 200 даана китеп сатып беришкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу