Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.09.2017 18:22

Баткенде орус класстардын ар биринде элүүдөн окуучу билим алып жатышат

Turmush -  Баткен шаарында орус тилдүү класстарга талап күчтүү болгондуктан Жоомарт орто мектеби окуучуларды ашыкча кабыл алууга мажбур болууда. Бул тууралуу Баткен шаардык билим берүү борборунун жетекчиси Абдилла Акматбетов билдирди.

«Бул мектеп шаардагы орус тилдүү мектеп болуп эсептелинет. Ата-энелердин көбү балдарын орус тилдүү мектепке берүүнү каалагандыктан 2017-2018-окуу жылында 1-класска 300гө жакын бала кабыл алынды. Алар 6 класска бөлүнүп, ар бир класста 50дөн окуучу окуп жатат. Негизинен бир класста 30-35 окуучу гана билим алышы керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×