Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Баткенде айгүл гүлүнүн элесин берген арка курулат (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Айгүл-Тоонун кире беришине айгүл гүлүнүн элесин берген чоң арка курулат. Бул демилгени кара-булактыктар көтөрүп, ага каражат топтоо үчүн ушул жылдын 13-сентябрында марафон өткөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу демилгечилердин бири Замир Сапар аймактык кабарчыга билдирди.

Алар «Айгүл — Баткендин символу» аттуу марафонго жалпы баткендиктерди жана айгүл гүлү өскөн тоого кайдыгер карабаган жарандарды чакырышууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, көркөм каражаттар менен кооздолгон арканы куруу үчүн 1 млн сомдон ашык каражат сарпталары болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×