Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Айыл турмушу: 53 жаштагы айдоочу А.Заиров колхоз учурунда 200 сомго чейин эмгек акы алчу (фото)

Turmush -  Лейлектин Кулунду айылынын 53 жаштагы тургуну Абдилашим Заиров 35 жылдан бери айдоочу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, айдоочулуктан тапкан эмгек акысы колхоз убагында 100 сомдон 200 сомго чейин болсо, СССР таркагандан тарта 80-100 сомго чейин болгон. Ал эми учурдагы маянасы 6 миң сомго жетет.

«1982-1985-жылдары колхоздун жүк ташуучу унаасын айдап жүргөм. Кийин 1985-1995-жылдары колхоздун төрагасына айдоочу болдум. 1995-жылы СССР ыдырап, айыл өкмөттөр түзүлгөндөн тарта өзүбүздүн Кулунду айыл өкмөтүнө айдоочу болуп калдым. Ал убакта билимиң жок болсо айдоочулукка жумушка алынчу эмеспиз, ошол себептен кесиптик лицейде 6 ай окуп, айдоочулук күбөлүк алгам. Ар бир айыл өкмөт элдин камын ойлоп, өнүгүүбүз үчүн кызматтарын аябаган кишилер болгон», - деди ал.

Учурда Заировдун эки уул, эки кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 982
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу