Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Айыл турмушу: Жалгыз бой эне С.Жумабаева устаканасында кийим тигүүчү машиналарды оңдоп берет (фото)

Turmush -  Иштебей калган кийим тигүүчү машиналарды оңдогон Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Сайрагүл Жумабаева мындан 15 жыл мурун устакана ачкан. Учурда анын устаканасынан кардарлардын саны үзүлбөйт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жалгыз бой эненин айтымында, бузулган кийим тигүүчү машиналардын бардык түрлөрүн оңдойт.

«Кесибим боюнча сүрөт сабагынан мугалиммин. Учурда кийим тигүүчү машиналарды оңдоп, балдарымды эч нерседен кем кылбай багууга аракет кылам. Ак эмгек, маңдай тер менен табылган акча берекелүү жана жугумдуу болот.

Көбүнчө бузулган машиналарын улгайган адамдар алып келет. Алардын түрүнө жараша оңдогон шаймандар болот. Алардын баарын эле кары адамдар биле беришпейт», - деди ал.

Кийим-кеченин сапаттуулугу бир гана тигүүчүгө көз каранды эмес, аны тигип жаткан машинадан дагы көз каранды болот.

«Машинаң жакшы тикпесе ойдогудай иш жүргүзө албайсың. Аны убагында оңдотуп, эскирген тетиктерин жаңылап туруу керек», - деди тигүүчү Күмүшай Алимбаева.

Сайрагүл Жумабаева кийим тигүүчү машиналарды оңдоодон сырткары буудай, күрүч тарткан тегирмендердин тетиктерин да сатып, талаа жумушу менен алектенген дыйкандардын ишин жеңилдеткенге шарт түзүп берет. Ал учурда чакан устаканасын чоң ишканага айлантуу аракетин көрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 551
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу