Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Баткенде жогорку класстар үчүн китептер жетишсиз

Turmush -  Баткен шаарындагы мектептерде жогорку класстар үчүн китептер жетишсиз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп окуучулары билдиришти. Алардын айтымында, айрыкча математика, химия, физика предметтеринен китептер жетишпейт.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Ахматбековдун айтымында, шаар ичиндеги мектептердин жогорку класстары 75,5% китеп менен камсыз болсо, башталгыч класстар 100% камсыз болгон.

«Министрлик тарабынан жылына 100 млн сом каралып, китептер чыгарылып, бизге да жаңы китептер келип турат. Жетишпеген китептерди толуктоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканы Билим берүү министрлиги тарабынан айтылып жатат. Буюрса кийинки жылдардан тарта 100 пайызга толукталып калат деген ишенимдебиз», - деди Ахматбеков.

Ал учурда пайдаланылып жаткан предметтик китептер 5 жылдан кийин жарактуулугун жогото турганын белгиледи.

Баткен шаарында жалпы 9 мектепте 5 миң 343 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 429
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу