Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Жер көчкү жүргөн Кан айылындагы абал менен атайын комиссия таанышты

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан атайын комиссия түзүлүп, жер көчкү жүргөн Баткен районунун Дара аймагындагы Кан айылынан тиешелүү жетекчилер кабар алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, ӨКМ атайын иликтөө иштерин жүргүзүп, бир үй-бүлө убактылуу башка аймакка көчүрүлүп, 6 турак үй көзөмөлгө алынган.

2017-жылы 1-сентябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Дара айыл аймагынын Кан айылындагы Кожешкен дарыясынын түштүк тарабында жер көчкү жүрүп, 350-400 метр аралыктын 4-5 жерден жаракалар пайда болгон. Жаракалардын кенендиги 5 см-1 метрге чейин, тереңдиги 1,5-2 метрге жеткен. Турак үйлөр менен пайда болгон жаракалардын аралыгы 20-30 метрди түзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1942
Көп окулду
×