Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик уста А.Момуновдун жыгач буюмдары алыскы Америкага чейин сатылып жатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ак-Турпак айылынын тургуну Алибай Момунов жыгач устачылык менен алектенет. Учурда анын колунан жасалган буюмдар чет өлкөлөргө чейин сатылып жатат. Устанын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Алибай Момунов 1992-жылы Бишкек шаарындагы мурунку «Мураскер» элдик көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайын аяктаган. Кол өнөрчүлүктүн түрүн өздөштүргөн Ак-Турпак айылынын тургуну көптөгөн жармаңкелерге, сынактарга, көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды багындырып жатат. Учурда анын комуздары 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат. Комузу өрүктөн чабылып, кылы койдун ичегисинен жасалат.

Мындан тышкары, уста кыл кыяктарды жана белекке берилүүчү ар кандай буюмдарды жасап, алардан 20 миң сомго чейин киреше табат.

«Былтыр Америкага 50 даана жыгач кашыкты 10 миң сомго алып кетишкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 926
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×