Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Айыл турмушу: Баткендик А.Гапаров тегирмени аркылуу айыл элин ун менен камсыздап жатат (видео, фото)

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айыл аймагына караштуу Газ айылынын тургуну Ашим Гапаров 15 жылдан ашык убакыттан бери тегирмен иштетип, айыл элин ун менен камсыз кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда мындай таш тегирмендер дээрлик жокко эсе.

«Тегирменди куруу үчүн жалпы 20 миң сом акча каражатын сарптадым. Таш тегирменде тартылган буудай унунан жасалган нан жумшак жана даамдуу болот. Айыл эли тегирменге буудайларын алып келип, ун кылып кетишет. Акысын буудайдын көлөмүнө жараша алам. Мисалы, тегирменден 100 кг ун чыкса, анын 6 кг унун алам. Биздин айылдан сырткары коңшу айылда жашагандар да тегирменде тартылган ундан алып кетүүдө»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 611
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу