Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Исфаналык мугалим 300 үй-бүлөнү таза суу менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районундагы Чымген айылында мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен таза суу түтүктөрү орнотулду. Пайдаланууга берүү аземи да өткөнүн аймактык кабарчыга өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, аземге президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Суу түтүктөрүн курууга Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, Исфана шаарынын ардактуу атуулу Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү демөөрчү болуп, учурда 300 кожолук үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болду.

Исфана шаарынын муниципалитетине караган Чымген айылына буга чейин эки-үч күндө бир сааттан таза суу берилип турган. Таза суу Чымген булагынан тартылып, насостук станцияны курууга 600 миң сом акча каражат сарпталды.

Демөөрчүнүн айтымында, насостук станциянын айланасын тосуу менен булак суусуна жолоочулар зыярат кылуучу жай да курулушу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×