Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Лейлектин Кайрагач айылында өзбек тилдүү мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Кайрагач айылында өзбек тилдүү А.Файзиев атындагы орто мектеби ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, мектеп Жер-Үй алтын кенине лицензия сатуудан түшкөн салыктын эсебинен 45 млн сомго курулуп, Бешкент айыл аймагында биринчи типтүү мектеп болуп калды. 275 орундуу бул мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар түзүлдү.

Мектептин ачылышына келген Икрамжан Илмиянов президенттин атынан компьютерлерди жана сыналгыны белек катары тапшырды.

Аталган мектептин директору Интизархан Халматованын айтымында, быйылкы жаңы окуу жылына 1-класска 58 окуучу кабыл алынып, учурда жалпы 615 окуучу билим алууда.

2017-жылы Баткен облусунда 22 типтүү мектептин курулушу жүрсө, анын жетөө 1-сентябрга карата пайдаланууга берилди. Ал эми, калган 10 мектеп 2017- жылдын соңуна чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 700
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×