Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Лейлектин Катраң айылындагы жаңы көпүрө ишке берилди (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Катраң айылында Баул, Өзгөрүш, Катраң айылдарын байланыштырган борбордук көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы болуп, пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жаңы курулган көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 15 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Катраң айыл аймагынын башчысы Шарабидин Полотовдун айтымында, мурунку эски көпүрө авариялык абалга келип, кооптуу жагдайды жаратып келген.

Көпүрөнүн салтанаттуу ачылышына президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургандары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 749
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×