Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Фото — Баткен облусунун аймактарында Курман айт намазы окулуп, курмандыктар чалына баштады

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Сүлүктү шаарында айт намазын 3 миңден ашуун адам окуду.

Сүлүктү шаардык мэриясынын маалыматына караганда, айт намаз борбордук аянтта окулду. Анда шаардын жетекчилери жана молдолор элди майрамы менен куттуктады.

Кызыл-Кыя шаарында Курман айт намазын 15 миңден ашуун адам окуду.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын маалыматына караганда, айт намаз борбордук аянтта окулду. Ага шаардын жана жакынкы аймактардын 15 миңден ашуун тургундары келип катышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди куттуктап, молдолор дин боюнча элге түшүнүк беришти.

Ал эми, Кадамжай районундагы айт намазга 1 миңге жакын адам келди. Намаз «Металлург» футбол стадионунда окулду. Учурда курмандык чалуу иштери башталып, 16 бодо союлуп жатат.

Айдаркен шаардык мэриясынын маалыматына караганда, шаарда Курман айт намазы борбордук аянтта окулду. Ага 2 миңден ашуун шаар тургундары катышты. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты. Шаардын имамы Махаммад Исаев элге Курман айт боюнча баян айтып, молдолор тарабынан куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу