Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.08.2017 14:15 На русском

«Мекендештер»: Баткендик Б.Нурдинов 2,3 миң долларга Испаниядагы «Реал» менен «Барселонанын» оюндарын көрдү (фото)

Turmush -  Баткендик Баатыр Нурдинов Испания өлкөсүнө саякаттап барып, өзүнүн жакшы көргөн «Реал Мадрид» менен «Барселонанын» оюндарын көрүп келди. Ал аймактык кабарчыга Испанияга канча сом менен саякаттап келгенин жана башка кызыктуу маалыматтар тууралуу айтып берди.

- Испания өлкөсүнө саякаттап барып келиптирсиз, ал жерде канча күн жүрдүӊүз?

- Испанияда бир жума жүрдүм. Аэропорту абдан чоӊ, таптаза, анын имараты пландуу түрдө курулганын байкадым. Ар бир каттамдагы жүктөр өзүнчө чыгат экен. Кабыл алуулары өтө жакшы, ошондой эле кызматкерлердин мамилеси да өтө сылык.

- Базар баалары бизден кымбат болсо керек?

- Базар баалары бизге салыштырмалуу алда канча кымбат. Жатаканалар шаардын ортосунда жайгашып, бирок анча кымбат эмес экен. Жол кире тууралуу айта кетсем, Барселонадан Мадридге чейин (аралыгы 650-700 чакырымдай) саатына 300 чакырым ылдамдыкта жүргөн поездде 2400 сом менен бардык.

- Испанияга болгон саякатыӊыздын эӊ башкы максаты футбол болсо керек?

- Ооба, туура. Мен атайын «Реал» менен «Барселонанын» эки оюнуна баргам. Биринчиси «Барселонанын» стадионунда, экинчиси «Реал Мадриддин» стадионунда болду. «Барселонанын» стадионун жана музейин көрдүк. Ал «Камп Ноу» деп аталып, Европанын эӊ чон стадиону болуп саналат экен. «Камп Ноуго» 100 миңдей футбол күйөрманы батат. «Барселона» Месси Суарес жана Андрес Иньеста сыяктуу футболисттери менен дүйнөнү дүӊгүрөтүп турган клуб. Ал эми, «Реал Мадрид» футбол дүйнөсүндөгү эӊ чоӊ держава десек жаңылышпайбыз. «Реал Мадрид» «Барселонадан» эки эсе көп кубок алган. Алар ФИФА тарабынан акыркы жүз жылдыктын мыкты командасы болуп табылышкан. Стадиону Европанын эӊ чоӊ экинчи стадиону болуп саналып, ага 82 миңдей футбол күйөрманы батат. Эки клуб теӊ дүйнөнүн эӊ күчтүү командалары болгондуктан ар бир оюну кызыктуу жана атаандаштык менен өтөт экен. Экөөнүн мыкты таймашы Эль-Класико деп аталат. Эки клубга тең ийгилик каалайм, бизге — футбол күйөрмандарына кызыктуу таймаштарды көрсөтүп жүрө беришсин.

- Сыналгыдан көрүп жүргөн атактуу командалардын оюнун жанынан көргөн кандай экен. Кандай сезимдер пайда болду?

- «Реал Мадриддин» оюндарын мурда да жакындан көргөм. Жакшы көргөн командаӊ ойноп жатканда сыналгыдан көрсөм да толкунданам. Ал эми, стадиондогу укмуштуудай болгон атмосфера, күйөрмандар 90 мүнөт бою эч токтобой бакырып, ырдаганы чоң таасир берет экен.

- Сүйүктүү командамды жакындан көрүп келем деп Испанияга барууну көздөгөн мекендештериӊизге кандай кеӊеш айтасыз?

- Биринчиден виза алуу керек. Барам дегендер сөзсүз барып келүүгө кеӊеш берем. Эч качан өкүнбөйт. Ал жакта футболдон бөлөк кооз жана тарыхый жерлер өтө көп. Ошондой эле, убакытты туура колдонуу керек. Себеби, ал жерди кыдырып бүтүүгө жетишпей калышы мүмкүн.

- Сыр болбосо бир жумага канча каражат сарпталат экен?

- Футбол оюнун кошпогондо бир жумага жалпы чыгым 1 миң 400 доллар болду. Ал эми, футбол менен бирге 2 миң 300 долларга жетти.

- Испания өлкөсүнүн артыкчылыгы менен кемчиликтерин айтсаңыз.

- Кемчилиги англис тилин аз адам билет экен. Аларда география сабагын жакшы окутпаса керек, көп өлкөнүн кайсы жерде жайгашканын билишпейт. Артыкчылыгы өтө көп. Артыкчылыктарын сүрөттөр менен көрсөтүп койсом туура болсо керек. Миӊ айткандан бир көргөн артык дегендей.

- Ушул саякаттоо учурунда эсте калган кызыктуу окуяӊыздан айтып берсеӊиз.

- Биз жакын досум менен бирге барганбыз. «Реал Мадриддин» музейин көрүп бүткөндөн кийин эӊ акырында футболчулар менен сүрөткө түшкөнгө кезекке турганбыз. Досум Роналдо менен сүрөткө түшөм деп айтса, сүрөтчү туура эмес угуп алып, Серхио Рамос менен тартып койду. Ошол жерден кайра кезекке турса болбойт экен. Музейди кайра башынан аягына чейин көрүп, стадиондун аркы башынан берки башына чуркап жүрүп, акыры досум Роналдо менен сүрөткө түшүп келди.

- Өзүӊүздү окурмандарга кыскача тааныштыра кетсеӊиз.

- Мен Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков айылында 1984-жылы төрөлгөм. Стамбул университетинде эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. Үй-бүлөлүүмүн, келинчегим Таттыбүбү экөөбүз Даниэль аттуу уулду тарбиялап өстүрүп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×