Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда унаа сайга кулап, 2 өспүрүм, 1 кыз оор жаракат алды

Turmush -  Бүгүн, 24-августка караган түнү Кадамжай шаарында болгон унаа кырсыктан 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын Аңкур-Сай аймагында «Жигули» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, сайга түшүп кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү жаракат алган. Алардын бири 1996-жылы туулган А.Н., азыр оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ал эми, 1996-жылы туулган Ж.У.Н. (эркек бала) менен 1986-жылы туулган С.Г.К. (кыз) баш мээлери чайкалып, ооруканада дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×