Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик 23 жаштагы Шерзод чек арага чайхана ачты (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Арка айылынын 23 жаштагы тургуну Шерзод Самандаров кыргыз-тажик чек арасында чайхана ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы ишкер жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чайханага 2 улуттун өкүлдөрү келип тамактанып кетишет. Буга чейин атасы менен биргеликте кафе иштетип келген.

«Долбоор жазып, андан утуп чыгып чайхана ачтым. Учурда тамактын бардык түрү жасалат. Жакынкы аралыкта кыргыздын жарма, шоро, максым сыяктуу улуттук суусундуктарын алып келем. Тажик улутуна ал суулар тааныш эмес» ,- деди ал.

Чайханада кыргыз, өзбек, тажик улутундагы жумушчулар иштейт. Ал Жибек Жолунун боюнда жайгашкандыктан аны «Караван» деп аташты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3226
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×